19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

УКМК “Унаадагы” жемкорлукту аныктады

  • 18-Июль 2019
  • 70

"Унаа" мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес АКШ, Грузия жана Балтика боюндагы өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттары аныкталган.

Бул үчүн бажы алымдары төлөнгөн эмес. Мындай мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 2 млн. 608 миң сом зыян келген. Ушул жылдын июль айынын башында коррупциялык схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” үлгүсүндөгү эки унаа кармалган.

Учурда буга тиешеси бар тараптар жана аталган мекеменин кызматкерлерине карата текшерүүлөр жүрүп жатат. Унаа мекемеси 2018-жылы декабрда түзүлүп, автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү милдетин аткарат.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды