18-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Ири пара иши: айыпкерге 20 жыл суралды

  • 18-Июль 2019
  • 83

500 миң доллар пара алууга айыпталган транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди Башкы прокуратура 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Сот бул иш боюнча үч кишини: Азимкан Жусубалиевди, Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филиалынын коммерциялык директору Бехруз Гулрузовду жана ортомчулук милдетти аткарган Болотбек Токтобаевди айыптап жатат.

Прокурор ортомчулук кылганы айтылган Токтобаевдин мүлкүн мамлекетке чегерүү менен төрт жылга эркинен ажыратууну суранды. Кылмыш иштин бетин ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн Гулрузовдун беренесин өзгөртүп, тек гана айып салууну өтүндү. Кийинки сот иши 30-июлда уланат.

 Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар сурап, анын 50 миң долларын алып жаткан учурда, былтыр 5-декабрда кармалып, камакка алынган.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды