19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылды

  • 18-Июль 2019
  • 60

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бүгүн аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана участкалык кызматкер Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чакырууну алып барып беришти. Анда Атамбаев Тергөө кызматына 19-июлда эртең мененкт онго барышы керектиги жазылган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки жолу - 9-июлга жана 11-июлга суракка чакырылган болчу. Биринчи чакыруудан кийин Атамбаев комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

Башкы прокуратура Атамбаевге беш пункттан турган айып боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар деп тапкан соң Жогорку Кеңеш аны экс-президенттик макамы менен кол тийбестик укугунан ажыраткан. Ал негизги айыптардын бири - кылмыш төбөлү Азиз Батукаев 2013-жылы абактан бошотулушуна байланыштуу. ИИМ азыр Атамбаевди ушул иш боюнча күбө катары суракка чакырууда.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды