19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Солтон-Сарыда мал кырылууда

  • 15-Июль 2019
  • 90

Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинин тегерегине жайлоого чыккан чабандардын майда жандыктары кыргынга учурады. Кой-эчкилердин эмне себептен өлүп жатканы боюнча так жыйынтык чыга элек. Тургундардын айтымында, ушуга чейин 100дөн ашык кой өлдү.

Учурда социалдык тармактарда Солтон-Сарыда койлор массалык түрдө кырылып жатканы тартылган сүрөт видеолор тарап жатат. Жергиликтүү чабандар кенди иштеткен кытай компаниясы жүргүзгөн жардыруу иштеринде агын суу, жаратылышка доо кетип, мындан кой эчкилер кыргынга учурап жатканын божомол кылууда.

Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториянын адистери бул маселе боюнча клиникалык кароо жүргүзгөн. Натыйжада жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган эмес. Мындан сырткары өлгөн малдардан анализ алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында “нитрат жана мышьяк” аныкталган.

Азырынча мал ууланып өлүп жаткандыгы боюнча болжолдуу диагноз коюлууда. Ошондой эле комплекстүү изилдөө максатында комиссия түзүлүп, суудан жана өлгөн малдан материалдар алынып тиешелүү лабораторияларга жөнөтүлдү.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды