22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Атамбаев дагы суракка чакырылды (видео)

  • 10-Июль 2019
  • 54

ИИМдин тергөө башкармалыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экинчи жолу суракка чакырды. Чакыруу кагазын Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы алып келип, мурдагы президенттин өкүлү Нурбек Касымбековдун колуна тапшырды.

Бирок чакыруу кагазы берилип жаткан учурду тартмакчы болгон журналисттерди ороңдогон кароолчулар короого киргизбей, эшикти катуу жаап алышты. Атамбаев 11-июль күнү саат онго күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болду.

Эки жумадай мурда экс-президент макамы менен кол тийбестик укугунан ажыраган Атамбаевди ИИМ биринчи жолу 9-июлга суракка чакырган эле. Бирок Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин чакыруусун четке кагып, суракка барбасын айтып чыккан. Атамбаев жана анын адвокаты Сергей Слесаров  мурунку президентти кол тийбестик менен экс-президент статусунан ажыратуу мыйзамсыз болгон деп эсептээрин, ошондуктан суракка барбасын жар салып келет.

Башкы прокуратура Атамбаевге беш пункттан турган айып боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар деп тапкан. Ал негизги айыптардын бири - кылмыш төбөлү Азиз Батукаев 2013-жылы абактан бошотулушуна байланыштуу. ИИМ азыр Атамбаевди ушул иш боюнча суракка чакырууда.


'
';

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды