18-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Бишкекте жол кырсыгынан 12 адам жабыркады

  • 10-Июль 2019
  • 62
Бишкектеги жол кырсыгы, 10-июль, 2019. (Күбөлөр тарткан сүрөт))

Ордо калаадагы Тоголок Молдо менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн эртең менен 203-каттамда эл ташыган кичи автобус менен жеңил унаа кагылышып кетти. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык эртең мененки сегиз жарымдар чамасында болгон. Окуя болгон жерге тез арада бир канча тез жардам машинасы барган.

Тез жардам борбору бул кырсыктан 12 адам жабыркаганын, алардын баары ооруканага жаткырылганын ырастады. Экөөнүн абалы орто, калгандары жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге беш тез жардам тобу барган.

Кырсыктын чоо-жайын тиешелүү органдар териштирүүдө.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды