22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Каримованын Франциядагы мүлкү сатылат

  • 10-Июль 2019
  • 47

УзТАГдын 10-июлдагы жазуусуна караганда, Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Франциядагы мүлктөрүн сатуудан түшкөн каражат өзбек мамлекетине кайтарылат. Сөз Гүлнара Каримованын Париждеги 31 млн. еврого сатып алган квартирасы, 28 млн. еврого алган вилласы жана 2.4 млн. еврого алган замогу жөнүндө болуп жатат.  Бул мүлктөрдү конфискациялоо боюнча соттун чечими 9-июлда күчүнө киргени кабарланды.

Гүлнара Каримовага каршы 2015-жылы АКШ, Швейцарияда кылмыш иши козголуп, ал 1 млрд. доллардай акчаны мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталган.

Каримова 2017-жылы Өзбекстанда финансылык мыйзам бузуу боюнча 10 жылга кесилген. Учурда  Ташкенттеги №21 колонияда кармалып турганы белгилүү.


Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды