09-Декабрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Кыргыз сыналгысына арналган өмүр

  • 17-Ноябрь 2019
  • Амирбек Азам уулу
  • 10

Бир ай мурда өлкөнүн көрүнүктүү кыздарынын бири Орозова Умтул Шейшеевна улуу сапарга узап кетти. Эже кесипкөй режиссёр жана жетекчи катары Кыргыз...

Бүгүнкү саясый элитаны ойлосоң бийликке кенедей жабышкан, бирок жасаган иши белгисиз эргулдар, казынакорлор, качкын экс-министрлер, журналисттин оңтойсуз суроосуна «Иди отсюда!» деп оңураңдаган же «парламенттегилер кой эмес, элита» деп төш каккан окуя, кайберендерди атууга уруксат берген чечим эске түшөт.

Ал эми өлкөнүн көрүнүктүү кыздарынын бири Умтул Орозова өз кызматташтарынын эсинде кесипкөй адис, ишке жан-дили менен күйгөн жетекчи, камкор устат катары калган.

Умтул Шейше кызы 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин эки жыл «Комсомолец Киргизии» гезитинде кабарчы болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде 20 жылга жуук эмгектенген.

Маанилүү тармактагы эмгек жолун 1967-жылы Москвадагы театралдык институтту бүтүп келип, телевидениенин катардагы режиссёру, башкы режиссёру, төраганын телеберүүлөр боюнча орун басары болот.

1980-85-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүн, андан соң республикалык телерадио комитетин жетектейт. СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1991-жылы кызматтан алынат.

No media source currently available

Умтул эженин биринчи сабагы

Орозова Умтул жетекчи катары өзү менен чогуу иштеген адамдарга талапты өтө катуу койгон. Умтул эже республикалык телерадиокомитеттин жетекчисинин орун басары болуп турган кездеги бир окуя жөнүндө Тамара Жаманбаеванын эскерүүсү:

- «Экран дружбы» деген көрсөтүү даярдачу элек. Мен Борбордук телевидениеге көрсөтүүлөрдү даярдоо бөлүмүндө башкы редактор болуп иштеп жаткам. Бир күнү башкы редакторлор планёркага келдик. «Экран дружбы» телекөрсөтүүсүнө Орто Азиянын төрт республикасы менен Казакстан кошулчу. Мен төрт республикадан келген материалдын мазмунун айттым дагы: «Түркмөнстан менен телефондон байланыша албай койдум, анын мазмунун эртең айтып берейин» десем, мага аябай катуу эскертүү берди. «Түркмөнстан эмне көрсөтөрүн билбесеңиз, планеркага эмнеге келдиңиз?» деди. Аябай капа болдум. Экөөбүз жакын жолдош болсок, элдин көзүнчө менин шагымды сындырбай эле койсо болмок деп ойлоп калдым. Планерка бүтүп, башкы редакторлор чыгып кеткенден кийин чыдай албай ыйлап ийдим да. «Ушуну башкы редакторлор чыгып кеткен соң деле айтсаң болот эле го. Ушуну түшүнөт элем го! Мен баарын өз убагында жасачу эмес белем!» - деп ыйлап жиберсем айтты: «Эгер сен мага жолдош болсоң сен элден мурда жумушка келишиң керек. Сен болгон нерсеге элден мурда так, таасын жооп беришиң керек. Эгер андай жасай албасаң, анда мен сени менен жолдош эмесмин».

Тамара Жаманбаева - бүгүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл артисти, Эл аралык Кувейт университетинин журналистика кафедрасынын профессору.

Умтул эженин экинчи сабагы

Көрөрмандар көгүлтүр экранга чыккан журналистер менен дикторлордун өң-түсүнө, кандай кийингенине сөзсүз көңүл бурат эмеспи. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов каарманыбыздын талабын мындайча эскерди:

- Бир күнү мени чакырып калды. Барсам: «Сизде талантыңыз бар экен. Уюштуруучулук иштериңиз жакшы экен. Сиз бизге программалар боюнча директор болуп иштеп бериңиз» деди. Анда мен режиссер болуп иштеп жаткам. Макул болсом, мени директор кылып койду. Анан төрт күндөн кийин өзүнө чакырды. Барсам: «Сиз эртең менен эмне тамак жейсиз?» деп сурады. «Эртең менен көп деле тамак жебейм. Кечинде беш табак кесме ичип алып, анан уктайм» десем күлүп атпайбы. «Ушу беш табактын үчөөнү ичпей эле койбойсузбу?» депчи. «Караңызчы, толуп, беттериңиз майланышып турат. Сиз сымбатыңызды да, кийимиңизди да келиштирип, директорлордой жүрүңүз» деди.

No media source currently available

Умтул эженин үчүнчү сабагы

Умтул эже өтө намыскөй, өз баасын билген, өз принциптерин бекем туткан инсан болгон. Орозова эженин ушундай мүнөзүн мурдагы тележурналист Бейшенбек Бекешов мындай мүнөздөдү:

- Ушунчалык намыскөй киши болчу. Жумуштан алып койгон күндө да кыңк этип, бирөөгө арызданып, догун артып же дагы бирдеме дегенин такыр уккан эмеспиз.

Ошону менен эле катар иштеген кишилер «мен баландай кылдым эле, түлөндөй кылдым эле» деп догун артып, элдин баарынын мээсин чагып, кирбеген жерге кирип, барбаган жерге барып, Орозованын жасаган ишинин жүздөн бирин да жасабаган кишилер ушинтип жүргөнүн көрдүк. Тиги киши андай эмес эле.

Умтул Орозова (1940-2019) жөнүндөгү эскерүүнүн радио вариантын тиркемелерден уксаңыз болот.

"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

Булак: Азаттык

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды