18-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Даниярдан дагы бир шедевр

  • 17-Июль 2019
  • 534

Оштогу тойлордун биринде ырдаган ыры менен интернет жылдызына айланган Данияр Жаныбековдон дагы бир шедевр.

Аткаруучу Данияр Жаныбеков орусиялык ырчы Александр Серовдун "Я люблю тебя до слёз" деген ырын Оштогу ресторандардын бириндеги үйлөнүү тоюнда ырдап чыккан эле. Ыр интернетке жарыяланган соң Youtube сайтында аз эле убакыттын ичинде миллиондон ашуун киши көрдү.

Кыргыз жигитинин катардагы тойдо ырдаган ырын дүйнөнүн булуң-бурчунан көргөн кишилер жүздөгөн жылуу пикирлерин калтырышкан.

Эми ошол Данияр Жаныбеков атактуу ырчы Алла Пугачеванын репертуарындагы “Любовь, похожая на сон” аттуу ырды аткарган дагы бир видеосу чыкты.

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды