19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Тракторчу Айзада

  • 08-Июль 2019
  • 424

Агартуучулук карьреасын мырзалык жумушка айырбаштаган айым

Айзада Маманазарова кыргыздын калаада өскөн кыздарынын бири. Кадимки мырзалардай трактор айдап, бука багуу менен элибиздеги мал асыроо, техника айдоо мырзаларга таандык деген көндүм стреотипти жокко чыгарган заманбап айым. Аны тааныган замандаштары “Трактордун ханышасы” деген ысым ыйгарган. Илбериңки, назик, уяң кыздын кантип трактор айдап, бука багып калганын  өз оозунан угалы.

- Мал-жандыкка аралашпай, калаада өскөн кыз кантип фермер болуп калды?

Мен Кемин шаарында чоңойгом. Бала кезимде, андан кийин деле мал кармаган эмеспиз. Фермерлик менен алек болуум – менин хоббим десем болот. Бул жумушка жашоонун сыноосу менен келгем. Күйөөм экөөбүз 100 бука багып, 60 гектар жер иштетчүбүз. Трактористтер кээде ичип алып жер айдаганды кечиктиргени үчүн талаада жүрүп трактор айдаганды үйрөнүп алгам. Кийинчерээк үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам жолдошум экөөбүз эки башка жолго түштүк.

Фермердик чарбаны жүргүзүп жаткан учурда чыгашага учурап калганда, фермерлерге жардам берем, мендей болуп калбасын деп өзүмө сөз бергем. Анткени жумуш оор. Адегенде эле тракторлордун сапаттуусун дыйкандарга сунуштап иштедим. Азыр Кудайга шүгүр, күндөн күнгө тажрыйбамды жогорулатуу үчүн окуп жатам. Жакында трактор, алардын шаймандарын жасоо боюнча соода, өнөр жай палатасы менен биргеликте Кони шаарына барып келдим. Кыргызстанга айыл чарбасына керектүү жаңы техникаларды алып келгенге аракет кылып жатабыз. Бул жумуш мен үчүн сыймык. Мурда трактор айдоо, бука багуудан уялчумун. Трактор айдаганды кыздарыма да үйрөтүп жатам. Кичинекей кызымдан “апаң эмнени жакшы көрөт десе, тракторду жакшы көрөт, эмнеси көп болсун десе, трактору көп болсун”,-деп калат.

- Баштапкы кесибиңиз кандай эле?

 - Атам күч түзүмдөрү тармагында иштеген, учурда эс алууда. Апам медицина кызматкери, эс алууда, ошол эле учурда иштейт. Кесибим боюнча – муниципалдык башкаруу боюнча мамлекеттик кызматкер жана тарых мугалимимин. Адистигим боюнча студент кезимде иштегем. Мектепти медаль менен аяктап, университетке өтүп, окуудагы жетишкендиктерим үчүн президенттин стипендиясына татыдым.

Андан сырткары, менин окуум үчүн келишим акысынын баасын 50% төмөндөтүп беришкен. Экинчи курстан баштап иштей баштадым. Адегенде дүкөндө реализатор болуп, кийин мамлекеттик кызматка кирдим. Университетти кызыл диплом менен аяктап, Бишкектин Ленин райондук акимчилигинин бөлүм башчысынын кызматына чейин көтөрүлдүм. Мен турмушка чыккандан кийин жолдошум иштөөмө каршы болду. Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда тургандыктан, иштөөдөн баш тарттым. Бирок эч өкүнбөйм. Турмуштун сыноосуна сынбай, барга көппөй, жокко чөкпөй алдыга умтулуп турам. Билимимди дайыма жогорулатканга аракет кылам. Көптөгөн китептерди окуйм.

- Сизди “трактордун ханышасы” деп айтышат экен. Адатта мырзаларга таандык ишти аркалоо сиздин хоббиби же кандай?

- Ат-Башы, Караколдон малды тандап сатып келип, өзүм карап, багам. Ар бир адам адал эмгеги менен жашаса Жараткан ырыскысын, берекесин берет дейт. Айрыкча мен бука багууга киришкенде өзгөчө ата-энем катуу каршы болушту. Мектепти, университетти бешке бүтсөң, бука карап каласыңбы деп нааразы болушкан. Бука багып жүрүп чыгашага учурагандан кийин тракторлорду сатып баштаганда атам баштагыдан да кескин каршы болгон. Сен кеңседе иштечү потенциалың бар дегенине карабай иш баштадым. Кийинчерээк “Бай кут” деген фирма ачып, Кыргызстанга заводдун баасында айыл чарба техникаларын, шаймандарды алып келе баштадым. Бир гана трактор менен чектелбей багбанчылыкты да үйрөнүп, күнөскана иштетүү, тамчылатып сугаруу боюнча билим алып жатам.

- Сиздин турмуштагы туу туткан ураан?

 - Элге канчалык жакшылык кылсаң, бата алып турсаң, Алла Таала жумушуңдун берекесин арттырат. Мен бул жумушту жасадым деп бирөөгө милдет артып, эч качан бирөөдөн колдоо күтүп олтурбай, өзүм аракет кылышым керек деген принцип - менин жашоодогу башкы урааным. Жакшылыкты да чын жүрөктөн жасоо керек. Мен бир гана бизнести ойлобостон, мүмкүнчүлүгү чектелген 50 айымга жардам бергенге аракет кылып жатам. Аларга бардык шарты бар үй куруп берүү боюнча өнөктөштөр менен бирге долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул айымдардын көпчүлүгү шаарда батирде турушат.

- Сыртта мырза болсоңуз, үйдө кандай айымсыз?

- Трактор айдоо, бука багуудан башка да хоббилерим бар. Аялзатына таандык сайма саюу, тамак жасоо, жашылча-жемиштерди кооздоп кесүү (карвинг) менен алектенем. Эненин кыздарына калтыра турган мурасы болгон каада-салт, үрп-адаттарды мен дайыма кыздарыма айтып, үйрөтүп турам. Кыздарыма сайма сайганды, тамак жасаганды үйрөтүп, өзгөчө макал-лакаптарды жакшы көргөндүктөн, кыргыздын макалдарындагы философияны чечмелеп бергенге аракет кылам.

- Сиздин “мырзалык” ишти аркалап жатканыңызды көргөндө таң калгандар болдубу?

- Базарга келген сайын мен  түшүнбөстүккө кабылам. Мен музоолорду сатып алам десем мага ишенишпейт. Качан мен букачалардын породалары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кыла баштаганда алар мени олуттуу кабыл ала башташат. Ар дайым ушундай болуп турат, мен көнүп деле калдым. Мырзалардын трактор айдаганда, бука алганы базарга барганда шылдыңдаган учурлары болгон. Азыркы учурда көбү таанып калды, аял деп сыйлашат.

- Сиз бул ишти баштаарда ким колдоо көрсөттү?

- Иш баштаганда эч ким деле колдоо көрсөткөн эмес. Ата-энемдин кыздарымды карап бергени мен үчүн чоң колдоо болду.

- Фермердик бизнесте оош-кыйыш учурлар болдубу, аларды канип жеңдиңиз?

- Бизнес бир калыпта турбайт. Кээде жеңил, кээде оор. Ишкерликте чыгашага учурамайынча иш болбойт. Айрымдар бир жолу банкрот болгондон кийин кол шилтеп коюшат. Эмне үчүн чыгашага учураганын анализдөө керек. Банкрот болгон учурда дагы андан ары жакшы жакка алып кеткенге аракет кылам. Кудай буюрса, 2000 бука бата турган чоң сарай курдурсам дейм. Экологиялык жактан таза букаларды багып, элибиздин ден соолугуна зыяны тийбеген эт, эт азыктарын чыгаруу боюнча чоң фирма ачуу – менин азыркы учурдагы кыялым. Албетте, бизнесте бут тосуулар болот. Мен жаңы бизнес баштап, жаңыдан талпынып келе жаткан канатымды кыркып коюшкан учурлар болду. Көп убакыт өзүмө келе албай, бирок кайра улантканга аракет кылдым. Эң өкүнүчтүүсү - айымдар иш баштап жатканда көпчүлүк мырзаларыбыз колдогондун ордуна, бут тосушат. Ага карабастан алдыга умтулуу керек.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

- Үч кызымды адал эмгек менен багууга аракет кылып, энелик тарбиямды берип жатам. Кыздарым зээндүү. Мектепте жакшы окуйт. Кичинекейим балдар бакчасына барат.

Маектешкен Назгүл Бостонбаева

 


 

 

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды