22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Сүйүнчү пул эми күттүрбөйт

  • 04-Июль 2019
  • Жаныбек Жакыпов
  • 321

Өлкөдө жаңы төрөлгөн ымыркайга берилчү “балага сүйүнчүнү” мындан ары эки күндун ичинде алса болот.

Сүйүнчү пулду берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми 1-июлдан тарта ишке кирди.  Эми сүйүнчү акча, облус жана шаардык башкаруу бөлүмдөрүнүн катышуусуз,электрондук система аркылуу берилет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бул кызматка жаңы келгенде “балага сүйүнчү” алуу иши татаал процесс экенин байкаганын, ал 10 күндөн 2-3 айга чейин созулуп жатканды боюнча өтө көп арыз-даттануулар келип жатканын айтат.

Министр ошондон тарта аны жөнөкөйлөтүү үчүн “балага сүйүнчү” алуусуна талап кылынган документтердин санын, мөөнөтүн кыскартуунун үстүндө иш алып барып, натыйжада 1-июлдан тарта бардык аймактарда сүйүнчү акчаны берүүнүн автоматташтырылган жаңы ыкмасы ишке киргизилди.

Ага ылайык, ЗАГС, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) жана маалымат күркөлөрү арыздарды кабыл алып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жиберилип, ар бир балага бекитилген “балага сүйүнчү” банк аркылуу төлөнөт. Эң башкысы, ата-эне арыз бергенден тартып 2 күндүн ичинде “балага сүйүнчү” ала алат. Ошондой эле, банктан эсеп ачуу талап кылынбайт жана арыз ээсинин телефонуна транзиттик банк эсебине акча келип түшкөндүгү тууралуу СМС билдирүү келип түшөт.

Бул автоматташтырылган тартип ишке кирген алгачкы 2 күндө республика боюнча 718 наристеге “балага сүйүнчү” төлөндү. Автоматташтырылган бул жаңы ыкма жыл сайын 160 миңдей үй-бүлөнүн ишин жеңилдетет. Министр Улукбек Кочкорвдун бул иши калк арасында жакшы жышаан катары жылуу кабыл алынууда. Учурда аны иш билги жетекчи катары алкап жаткандар арбын.

 

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды