09-Декабрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

«Миллионгейт»: иликтөөдөн кийинки реакция

  • 22-Ноябрь 2019
  • Бакыт Асанов
  • 13

Бажыдагы миллиондорго байланыштуу биргелешкен журналисттик иликтөө Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты.

Биргелешкен иликтөө кыргыз, орус жана англис тилдеринде «Азаттык», «Kloop» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун сайттарына жарыялангандан кийин бир нече саат ичинде Кыргызстандагы башкы темага айланды.

Алгач социалдык тармактарда колдонуучулар иликтөөдөгү маалыматтарга бийлик органдарын көңүл бурууга жана аты аталган жетекчилерди кызматтан алууга чакырык жасады.

Жарандык коомдун өкүлдөрү менен катар алгачкылардан болуп парламент депутаты Дастан Бекешев бул маселеге көңүл буруп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды:

- Биринчиден, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Анткени бул иликтөө өтө олуттуу болду. Экинчиден, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Финчалгын кызматынын, УКМКнын жана бажынын жетекчилерин кызматтан кетирүү зарыл. Алардын ордуна коомчулук ишеним арткан кишилерди алып келиш керек. Жаңы адамдар келгенден кийин биз аларга расмий иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коёбуз. Эми кылмыш иштерин козгоп, бардыгын далилдеп, керек болсо соттош керек. Биз, депутаттар өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Анткени өкмөткө болгон ишеним жоголду. Алар эми эч нерсе кыла албайт.

Ал эми дагы бир депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, журналисттик материалдагы маалыматтар боюнча укуктук баа берүүгө чакырды. Бул кайрылуудан кийин Башкы прокуратура иликтөөдө айтылган маалыматтар текшериле турганын жарыялады.

Баса, 22-ноябрда кесиптик майрамын белгилеп жаткан прокурорлордун салтанаттуу жыйынында коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрү айтылганы менен акыркы иликтөө боюнча сөз болгон жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган иш-чарага катышып, сөз сүйлөгөнү менен иликтөө боюнча пикирин ачык билдирген жок. Иликтөө боюнча президент менен өкмөттүн комментарийлери кандай болорун социалдык тармактарда зарыгып күтүп жатышты.

«Абдыкадырды Атамбаевдин командасы чакырган»...

Түштөн кийин президенттик аппараттын позициясы кандай экени тууралуу Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, иликтөөдө айтылган уйгур ишкери Хабибулла Абдыкадыр менен президенттин байланышына түшүндүрмө берди.

Анда Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген инвестициялык форум болгону жазылган.

Ага Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келгени, Жээнбеков аны менен ошол маалда таанышканы белгиленет.

Маалымат боюнча, форумдан кийин Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон. 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон.

«Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү - бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес. Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү - бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган беш айып боюнча тергөөдө», деп айтылат билдирүүдө.

Стамалиева Абдыкадырды Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы катыштырганын айтууда.

- Сооронбай Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган, - деди Стамалиева.

Ошондой эле Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коррупция менен күрөшүүгө жардам бере турганын айтып келатканын, ошондуктан иликтөөдө келтирилген жагдайларга көңүл буруларын кошумчалады.

Бирок буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Хабибулла Абдыкадыр менен Жээнбеков тааныштырганын айткан жайы бар.

«Сырдуу өнөктөш» тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жообу. Кой-Таш, 2019-жыл.

Ал эми иликтөөдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райимбек Матраимов жана анын жакындары «Азаттыктын» кайрылуусуна жооп берген жок.

Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине комментарий берип, иликтөөнү каралоо катары сыпаттаган:

«​"Азаттыктын" негизги таянган булагы - алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөзүн бекемдеди деген маалыматтары - анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан»​, - деп билдирген.

Түш ооп калгандан кийин ал «Фейсбуктагы» баракчасына медиа аркылуу алардын үй-бүлөсүн каралоо аракети жүрүп жатканын жазды.

Президенттен ыкчам чара талап кылынды...

Президенттин командасы иликтөөгө көңүл бурууга убада бергени менен жарандык коомдо Жээнбековду тезинен чара көрүүгө үндөгөндөр абдан көп болуп жатат.

Маселен, «Үмүт 2020» кыймылы президентке кайрылып, тезинен Коопсуздук кеңешинин жыйынын куруп, кырдаалды талкуулоого чакырды.

Кыймылдын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын айтымында, иликтөөдө айтылгандар өлкөнүн улуттук коопсуздук тармагына түздөн-түз коркунуч туудурат:

«Бажы тармагындагы контрабанда жана коррупция өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирет. Ошондуктан, бул маселени Коопсуздук кеңеши талкуулашы керек. Бул жаатта парламент өзүн-өзү дискредитациялап бүттү. Укук коргоо органдары болсо бул иликтей албай турганын көрсөттү. Буга байланыштуу маселени президент өз көзөмөлүнө алышы керек».

Ал эми коомду ишмер Эмилбек Каптагаев президент ыкчам түрдө бул маселе боюнча чараларды көрбөсө, жарандардын ишениминен таюу коркунучу бар экенин эскертти:

- УКМКга, Башкы прокуратурага, ИИМге ишеним жок болуп жатат. Балким чукул арада мекеме аралык комиссия түзүп, ага тергөө, жоопко тартуу боюнча бардык ыйгарым укуктарды бериш керек. Эки-үч күндүн ичинде жоопкер болгон ондогон кишилерди камаш керек, - деди саясатчы.

Ошол эле кезде буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссиянын ордуна коомдук комиссия түзүү тууралуу демилгелер айтылууда.

Депутат Жанарбек Акаев парламенттик комиссияга ишеним жок экенин эскертип, жарандык коом, оппозиция өкүлдөрүнөн турган көз каранды эмес комиссия түзүүнү сунуш кылды.

«Саясий элита эки жүздүүлүк кылууда»

Бирок коррупцияга күрөш боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева парламент менен тиешелүү мамлекеттик органдардын эки жүздүү мамилесин сындап чыкты. Анын айтымында, бажы жана башка тармактардагы терең коррупциялык схемалар буга чейин белгилүү болсо да, ага атайылап көңүл бурбай келишкен.

- Эмне үчүн депутаттар журналисттик иликтөө чыккан соң «журналисттер укук коргоо органдары жасабаган ишти жасады» деп шайлоо алдында элге жагынып, пиар кадам катары колдонууга аракет кылууда? Болбосо, бул маселелер мурдатан эле белгилүү болуп, «Азаттык» алты ай мурун айтканда эле көңүл бурушкан эмес. Укук коргоо органдары «эмнеге иликтөөңөр узарып кетти, кандай жыйынтык болот» деп чыкпай, азыр гана талап кылгандай түр көрсөткөнү - эки жүздүүлүк. Ал гана эмес, эл ишенимин тепселөө, -деди ал.

Чынында эле журналисттик иликтөө жарыяланганы жарандык коом өкүлдөрү активдүүлүк көрсөткөнү менен саясий партиялар, айрым аттуу-баштуу саясатчылар үн катпай турушат.

«Азаттык» комментарий сурап кайрылган парламенттин мурдагы айрым төрагалары, мурдагы өкмөт башчылар «бул маселе боюнча кабарыбыз жок» деп кутулушту.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

No media source currently available

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар камтылган. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары кантип адалданып турганы да айтылган.

Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Булак: Азаттык

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды