01-Декабрь 2020

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Кан аралаш жөтөлүп... COVID-19 жуктурган 3 медиктин абалы оор экени айтылды

  • 13-Апрель 2020
  • 113

Буга чейин депутат дарыгерлердин арасында кан аралаш жөтөлүп, сүйлөй албай калып жаткандары бар экенин айткан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган үч медицина кызматкеринин абалы оор. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавируска чалдыккан 11 бейтаптын абалы оор деп бааланууда, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарында коронавируска кабылган дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазып, арасында кан аралаш жөтөлүп жаткандары да бар экенин кабарлаган.

Касымалиеванын айтымында, ал медиктерди биринчи күндөрү жетекчилиги умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн. Ал жерде атайын форма менен болгон күндө да кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшкөн.

Дартка чалдыккан медицина кызматкерлери күн санап көбөйүп жатат. Бүгүн эле 16 ак халатчан вирус жуктурганы аныкталып, жалпы саны 79га жетти.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын арасынан 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Булак: Спутник

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды