22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Кумтөрсүз абал анча эмес...

  • 11-Июль 2019
  • 68

Өлкөнүн Статистикалык комитети быйылкы жылдын алты айындагы соода-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын жарыялады.

Өлкөнүн Статистикалык комитети быйылкы жылдын алты айындагы соода-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык Кумтөрдү кошпогондо өнөр жай тармагы аксап жатканы байкалат. Маселен, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өнөр жайы Кумтөрсүз -4.2% төмөндөгөн. Энергетика тармагы -3.1% азайган.

Кумтөрдү кошуп эсептегенде ИДП жалпысынан 6.4% өстү деп берилген. Кумтөрсүз ИДПнын көрсөткүчү төмөнүрөөк болуп, өсүш 2.1% гана түзгөн.

Тышкы соодада да Кумтөрдүн алтынын сатуу негизги рольду ойноп турганы байкалат. Анткени алтын сатуу өлкөнүн жалпы экспортунун дээрлик 43% түзгөн.

Жалпысынан беш айдын ичиндеги экспорт  727 млн. доллар, импорт 1 млрд. 965 млн. доллар болгон.

Орточо айлык Кыргызстанда 16 миң сом, жумушсуздар саны 82 миңден ашуун деп белгиленген.

Кумтөр алтыны көбунчө Кыргызстандын статистикасын кооздоого гана кызмат кылат. Анткени канчалык көп алтын экспорттобосун, андан бюджетке болгону жылына 6 млрд. сомго жетпеген каражат түшөт...

 

А. Кудайбердиев

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды