22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Калк казанына кол салган карыз...

  • 05-Июль 2019
  • 86

Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 30-апрелине карай Кыргызстандын тышкы карызы 3млрд. 786 млн. доллар болду.

Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 30-апрелине карай Кыргызстандын тышкы карызы  3млрд. 786 млн. доллар болду. Ага 639 млн. доллар ички карыз кошулат. Ошондо жалпысынан мамлекеттин карызы 4 млрд. 425 млн. доллар болот. Муну 6 млн. болгон ар бир кыргыз жаранына бөлүп келгенде 737.5 доллардан тийет.

Мамлекеттик карыздар ичинен Кытайга болгон карыз өзгөчөлөнүп турат. Кошуна гигант мамлекетке расмий эсеп боюнча 1 млрд. 700 млн. карыз деп эсептелген. Альтернативдик жол үчүн-700 млн. доллар, Датка-Кемин 390 млн. доллар, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн 386 млн. доллар, Датка подстанциясы үчүн 208 млн. доллар алынган. Бул насыялардын үстөк пайызы бар. Алар менен Кытайга карыздын көлөмү бир топ өсөт. Маселен, Бишкек ЖЭБи үчүн алынган 386 млн. долларды үстөгү менен 480 млн. доллар кылып кайтарыш керек.

Кытайга карыздардын баары 2010-жылдан кийин алынган. Бул жалаң Атамбаев жана Исаковдун эмгеги болгон.

Бир жагынан алганда бул карыз элдин турмушуна таасир этпеген, мамлекет эсебинен төлөнгөн кандайдыр бир кургак цифрадай таасир калтырат. Бирок бул андай эмес. Бул карызды төлөө бюджеттен азгана айлык  алган ар бир кызматкер, мугалим, дарыгердин маянасынан кертилип төлөнөт.

Муну төмөнкү сандардан көрүүгө болот:

Бюджеттин реалдуу кирешеси катары салыктан түшкөн каражатты атоого болот. Мына ошол салыктан Кыргызстан быйылкы жылы 118 млрд. сом топтойт деп жазылган бюджетте. Ага дагы салыктык эмес 22 млрд. сом кошулат. Демек, Кыргызстандын реалдуу бюджети 140 млрд. сом.

Өкмөт болсо республика бюджетинин кирешеси 151 млрд. сом деп белгилеп алган. 140 млрд. сомдук реалдуу бюджетке 11 млрд. 588 млн. трансферт же гранттык жардамдарды кошуп алгандагысы...

Мына ошону менен бюджет тартыштыгын жасалма түрдө азайткан. Көз боегон.

Мына ошол реалдуу бюджеттин ичинен 28 млрд. 327 млн. сом быйылкы жылы карызды төлөөгө кетет. Жыл сайын карызды төлөө суммасы көбөйөт. Маселен, 2021-жылы 36 млрд. 500 млн. сом төлөш керек болот...

Эми карап көрүңүз, быйылкы жылы Кыргызстан билим берүү системасына жалпысынан 29 млрд. сом, анын ичинен бюджеттен 23 млрд. 560 млн. сом, саламаттык сактоого 4 млрд. 174 млн. сом, артыкчылык беребиз деген айыл чарбасына 3 млрд.151 млн. сом бөлөт...

Демек, жалпы мугалимдер, окуу жайлар, мектептерге кеткен бир жылдык чыгашага тете каражат тышкы жана ички карызды төлөөгө кетип жатат. Эгерде тышкы карыздын жүгү мынчалык оор болбогондо мугалимдер айлыгын 2 эседен көп көтөрүүгө каражат ушул жактан чыкмак...

А. Кудайбердиев

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды