19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

СЫРТ ДҮЙНӨГӨ БИР КӨЗ ЧАПТЫРЫП КОЙСОК

  • 25-Июль 2019
  • Creanova
  • 72
СЫРТ ДҮЙНӨГӨ БИР КӨЗ ЧАПТЫРЫП КОЙСОК

Чыгышта Япония менен Түштүк Корея ортосунда араздашуу күч алып, ал Токионун Сеулга айрым жогорку технологиялык товарларды экспорттоону чектөөсүнө алып келди....

Чыгышта чарпышуу...

Чыгышта Япония менен Түштүк Корея ортосунда араздашуу күч алып, ал Токионун Сеулга айрым жогорку технологиялык товарларды экспорттоону чектөөсүнө алып келди. Япония Түштүк Кореяга заманбап телефондорду жасоодо керектелчү бир нече бөлүктөрдү сатууга чектөө киргизди. Муну менен дүйнөгө даңкы чыккан Самсунг сыяктуу гиганттардын иши солгундап, келечегине коркунуч пайда болду.

Мына ушул жерден Япония технология жагынан дале ат чабым алдыда экенин баамдоого болот...

Кытай болсо уйгурлардын түбү түрк тилдүү эмес, дини да ислам эмес деп чыкты. Бул жөнөкөй эле маалымат каражатында эмес, Кытайдын мамлекеттик саясатын туюнткан “Ак китеп” аттуу баяндамасында жарыяланды. Анда Чыгыш Түркстан деген болгон эмес деп белгиленген.

Бул кытай саясаты уйгурларды тарыхынан ажыратып, андан кийин келечегинен ажыратууга, маңкуртташтырууга багыт алганын билдирет. Кытай Чыгыш Түркстанды же Шиңжан автономиялуу районун биротоло кытайга каптатып, ал жердеги түрк тилдүү кыргыз, казак, уйгур элдерин ассимиляциялоого бекем багыт алыптыр. 
Ажыдаар алыс эмес. Чек аранын аркы бетинде турат...

АКШ-Түркия араздашуусу

Түркия менен АКШ биротоло араздашып кетүү алдында турат. Анкара Москвадан С-400 сатып алып, аны жайгаштыра баштоосу Вашингтондун жаалын келтирип, Түркияга каршы кандай санкция киргизүүнү талкуулоодо. Түркияны жазалоо максатында АКШ Ф-35 учагын бербесин билдирди. Бул долбоорго Түркия миллиард доллардан ашуун каражат салып, 100 учак алууну пландаган. Эми ал ишке ашпай калчудай болуп турат.

Кошмо Штаттар учактан эле ажыратпастан Түркияга башка санкцияларды киргизүү алдында турат. Бул маселени президент Трамп конгрессмендер менен кеңешүүдө.
Дональд Трамп Түркияга Барак Обама “Пэтриот” абадан коргонуу системасын сатпай койгондон кийин Анкара Россиядан С-400 алууга аргасыз болгон деп, бул иште айыпты Барак Обамага төңкөгөн эле. Эми өзү ошол Обаманын катасын кайталап жатат. Анткени Түркия Ф-35 учагын АКШ бербей койсо, анда С-400 сыяктуу эле башка жактан заманбап учак сатып алууга аракет жасайт, деп түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 22-июлда билдирди.
Демек, Түркия Россиядан Су-57 учагын алууга багыт алышы мүмкүн. Орустар үчүн да бул татаал техниканы жасоодо теңшерик же финансылык чыгашаны бөлүшө турган өнөктөш керек болуп турат. Андай шерик болот деген Индия ар кандай себептер менен долбоорго киришпей койгон. Эми анын ордуна Түркия келиши мүмкүн.
Андан сырткары Түркия өзү да бешинчи муундагы аскерий учак жасоого абдан катуу киришип жатканы маалым. Июнь айында ал учактын макетин Ле-Буржеде көрсөттү. Ошол эле Мевлют Чавушоглунун айтымында, азыркы кезде Түркиянын аскердик-техникалык өнөр жайы өлкөнүн 70% талабын канааттандыра ала турган деңгээлге жетип олтурат. Түркия Эрдоган доорунда тик учак, танк, ракета, электрондук күрөш жүргүзүү каражаттарын жасоого жетишти...

Иран-АКШ тиреши

Иран менен Кошмо Штаттар чатагына Британия аралашып баратат. Кечээ жакында мунай ташыган Британия кемесин Ормуз куймасында Иран жоокерлери кармап, Гибралтар кысыгындагы Иран кемесин Британия тарабынан буга чейин кармалуусуна татыктуу жооп берди.

Иран ага чейин АКШнын абдан кымбат турган (200 млн. долларга жакын бааланган) эң бир заманбап учкучсуз учагын атып түшүргөн эле.

Иран ошентип АКШ, Израиль, Британия жана алардын куйруктары катары жүргөн Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу мамлекеттердин кысымына, чагымдарына туруштук берип, “мушка муш, ташка таш” менен жооп берүүдө.

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды