22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Ким Чен Ын үчүн күрөш

  • 02-Июль 2019
  • А. Кудайбердиев
  • 88

25 млн. калкы, ядролук куралы жана континент аралык ракетасы бар Түндүк Корея үчүн дүйнөлүк державалар ортосунда абдан катуу таймаш жүрүп жатат. Бул парадоксалдуу...

25 млн. калкы, ядролук куралы жана континент аралык ракетасы бар Түндүк Корея үчүн дүйнөлүк державалар ортосунда абдан катуу таймаш жүрүп жатат. Бул парадоксалдуу көрүнүш. Анткени ядролук куралга ээ болуу аракети үчүн Пхеньян АКШ демилгеси менен катуу санкцияларга кабылып, эл аралык коомчулук тарабынан жектелген эле. Жектегендер катарында Кытай жана Россия да бар...

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жакырчылыкта жашаган элин аядыбы же Кытай, Түштүк Корея, Япония жана башка Азия өлкөлөрүнүн  абдан бир ылдамдык менен өнүгүп баратышына ичи күйдүбү, айтор, санкциялар чынжырын үзүп, өлкөсүн эл аралык изоляциядан чыгарууну тандап алды.

Ким Чен Ын мындай тандоого кур кол келген жок. Ал адегенде Кошмо Штаттар аймагына сокку ура ала турган контитент аралык ракетаны сыноодон өткөрүп, атом, суутек бомбаларын жасап алгандан кийин, башкача айтканда, өлкө коопсуздугун, ким кол салса ал татыктуу жообун аларын кепилдегенден кийин келди.

Мындай күчтүү позиция менен Түндүк Корея лидери Кытай, Россия, АКШ, Түштүк Корея лидерлери менен тең ата сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок да бул өлкөнү учурда жогоруда айтылгандай бир нерсе өксүтүп турат. Бул- санкция, изоляция жана ушулардын негизинде бардык мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуулары токтоп, анын натыйжасында калкы жакырлап, экономикасы дурустап өспөй жатышы өксүп турат...

Бирок Дональд Трамп белгилегендей Түндүк Кореяда дүркүрөп өнүгүп кетүү үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк жана потенциал бар. Анын кепилдигин корей калкынын эмгекчилдиги, изденүүчүлүгү, илим-технологияга жакындыгынан көрүүгө болот. Корей калкынын мындай потенциалын Түштүк Кореянын эң алдыңкы өлкөлөр сабында турушу  да ырастайт.

 Кытай жана Россия, өзгөчө Кытай Түндүк Корея менен эзелтен келаткан дос, пикирлеш кошуна мамлекеттер. Бирок Кытай да Түндүк Кореяга далысын салган учур болду. Түндүк Корея адролук куралдарын сынап жатканда Кытай АКШ демилгелеген санкцияны колдоп чыкты. Россия да алар менен кошо болду.

Ким Чен Ын бул санкциялык курчоону бузуу үчүн Түштүк Корея, АКШ менен сүйлөшүүнү баштады. Мына ошондо кечээ душмандарды колдогон достор Кытай менен Россиянын мамилеси да өзгөрө баштады.

Маселен, Кытай Ким Чен Ынды эки жолу Пекинге чакырып, абдан чоң сый көрсөттү. Соңунда  быйыл июнда Си Цзинпин өзү Пхеньянга сапар менен келип кетти. Ага чейин орус президенти Владимир Путин Ким Чен Ын менен Владивостокто жолугушуп, сүйлөшүү өткөрдү. Кытай менен Россия санкцияларга карабай Түндүк Корея менен соода-экономикалык кызматташууларды жолго салууга кызыкдарлыгын билдирип, аракеттерин жасай баштады.

Бул көрүнүшкө ичи тарыдыбы же үйлөшкөн кызын башка бирөө тартып кетип жаткандай болдубу, айтор, АКШ президент Дональд Трамп Япониянын Осака шаарындагы Чоң 20нын саммитинде жүргөн жеринен эле шашылыш Ким Чен Ынга жолугушууну сунушталы. Ал кабыл алынып, Түндүк Корея менен Түштүк Корея чек арасында Трамп Ким Чен Ын менен кыска мөөнөттүк жолугушуу, сүйлөшүү өткөрдү.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын сүйлөшүүсүнөн кийин Вашингтондун Корея жарым аралын ядролук куралдан бошотуу же Түндүк Кореянын ядролук куралы боюнча позициясы өзгөргөнү тууралуу сөздөр чыгууда. Буга чейин АКШ Түндүк Корея бардык ядролук куралдарынан сөзсүз түрдө баш тартыш керек, мына ошондон кийин санкциялар алынат деген бекем позицияда болуп келсе, эми Түндүк Кореянын жасап алган бомбалары кала берсин, бирок жаңыдан эч кандай сыноолорду өткөрбөсүн, мына ошонун негизинде санкциялар жеңилдетилет деген позицияга өткөнү айтылууда.

Мына ошентип, 40 жашка жетпеген Ким Чен Ын улуу державалардын бирде кысымына, бирде кол алышууга шашуусуна арзып олтурат...

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды