01-Декабрь 2020

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

COVID-19дан кийин экономикасын тез калыбына келтирет деген 5 өлкө. Тизме

  • 13-Апрель 2020
  • 198

13-март күнү дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 850 996га жетти. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Испания, Италия, Франция, Германия,...

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жаңырган апта башталары менен Австрия карантинге байланыштуу чектөөлөрдү акырындык менен кыскарта турганын жар салып, бул тууралуу ВВС жазды.

Бирок Европанын мындан башка өлкөлөрү көнүмүш жашоого качан өтөрү тууралуу үн ката элек. Мындан улам ВВС адистердин жардамы менен вирус ооздукталган соң кайсы мамлекеттердин экономикасын калыбына тезирээк келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин талдап көрдү.

Ал үчүн "Экономикалык коопсуздук индекси-2019" рейтингин карап чыгышты. 130 өлкөдөн турган бул рейтингде мамлекеттеги саясий жана бизнес климаттын туруктуулугуна, корпоративдик башкаруунун ишке ашышына, логистикалык механизмдерге, тобокелдиктердин пайда болушуна көңүл бурулат.

Мындан тышкары, экономисттер коронавирус пандемиясына өлкөлөр кандай реакция кылып, кантип алдын алгандыгына дагы басым жасашты.

Рейтингде 21-орунда. Экономикасы күчтүү, коррупция өтө аз. Вирус өз аймагына жакындаары менен алдын алуу чараларын күчөтүп, элин изоляцияга отургузган. Анын шартын бузгандардын паспорту менен кызматтык күбөлүктөрүн алып койгон.

Мамлекет чоң болгондуктан рейтингде батыш, борбордук жана чыгыш аймак болуп үчкө бөлүнгөн (9, 11 жана 22-орундар). Учурда бул өлкө коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Өзгөчө Нью-Йорк шаарында абал оор, жумушсуздук бардык штаттарында күч алды.

Бирок бийлик экономиканы калыбында кармап турууга 2 триллион доллар салып, элине социалдык колдоолорду көрсөтүп жатат. Адистер бул нерсе пандемиянын кесепетин жеңилдетип, экономиканы тез калыбына келтирүүгө шарт түзөт деп ишенүүдө.

Бир артыкчылыгы — жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы мол. Буга чейин Африканын башка өлкөлөрү менен бирдикте коронавирустан дагы кооптуу болуп эсептелген Эболаны жеңген.

Экономикасы туруктуу өлкөлөрдүн рейтингинде 12-орунда турат. Вирустун жайылышына алдын ала кам көргөн мамлекеттердин бири. Чек арасын толугу менен 19-мартта жаап, 25-мартта ишканаларын токтоткон. Экономисттер өлкөнүн мамлекеттик карызы өтө аз экенин эске алып, кризисти бат жеңип кетет деп божомолдоодо.

Кыргыз өкмөтү дагы кечээ, 12-апрель күнү, бизнестин кайсы бир түрлөрүн кайра ишке киргизүүгө кам көрүп жатканын айтты. Азырынча кайсы тармактардын жана кайсы учурдан баштап жанданарын айтууга эрте. Вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымында, коронавирустун жайылышына себеп болбогон жана кардар менен байланыш аз боло турган бизнестин түрлөрүнө артыкчылык берилет.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 13-март күнү дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 850 996га жетти. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Испания, Италия, Франция, Германия, Улуу Британия турат. Оорунун очогу болгон Кытай 7-орунга түшүп калды.

Булак: Спутник

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды