22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Батыш менен Чыгыш кайчылаш кеткенде...

  • 29-Июнь 2019
  • А. Кудайбердиев
  • 156

Июнь айынын орто ченинде Кыргызстан жана Тажикстан эл аралык масштабдагы ири жыйындарды өткөрдү.

Июнь айынын орто ченинде Кыргызстан жана Тажикстан  эл аралык масштабдагы ири жыйындарды өткөрдү. Кыргызстан эл аралык аренада кадыр-баркы өсүп барактан Шанхай кызматташуу уюмунун  саммитин 14-июнда Бишкекте өткөрсө, 15-июнда Тажикстан Азиада өз ара кызматташуу жана ишенимди арттыруу кеңешмесинин (АКИАК) бешинчи саммитин өткөрдү.

Шанхай кыхматташуу уюмунун саммити тууралуу Кыргызстан маалымат каражаттарында жетиштүү жазылса, Душанбедеги саммит, анда кабыл алынган документ тууралуу дээрлик сөз болгон жок. А чындыгында алып караганда, 49 пункттан турган Душанбе декларациясында дүйнөлүк орчун маселелер көтөрүлгөн жана алар боюнча АКИАКка мүчө мамлекеттердин позициялары көрсөтүлгөн. Декларацияда жалпысынан  азыркы кезде орун алган Батыш менен Чыгыш ортосундагы кайчы пикирлерди дагы бир жолу ачык көрсөткөн...

АКИАКты уюштуруу демилгеси Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге таандык. Ал 1992-жылы демилге көтөрүп чыккан. Биринчи саммит он жылдан кийин 2002-жылы өткөрүлгөн.

Кыраакы саясатчы катары Назарбаев Европадан үлгү алган. Европалыктар региондогу ар кандай маселелерди чечүү үчүн Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмун же ЕККУну 1973-жылы эле уюштурушкан. Бул  уюм Европада тынчтыкты, коопсуздукту сактоодо кандай роль ойногону белгилүү.

Европага караганда бир топ татаал жана кеңири аймакты камтыган Азия чөлкөмүндө мына ошондой эл аралык уюм керектигин Назарбаев туюп, демилге көтөрүп, ал колдоо тапкан. Андан бери АКИАКтын төрт саммити өткөрүлдү. Бешинчи саммитке Тажикстан борборуна лидерлер чогулду.

Бүгүнкү күндө АКИАК беш багытта ишенимди арттыруу үстүндө иштөөнү тандап алышкан. Ал:

1.Аскердик-саясий;

2.Жаңы көйгөй жана коркунучтар менен күрөшүү;

3.Экономика;

4.Экология;

5.Гуманитария.

Бүгүнкү күндө АКИАКка 27 өлкө мүчө. 7 өлкө байкоочу статуска ээ. Андан сырткары БУУ, ЕККУ, АМГ (Араб мамлекеттеринин лигасы) ТүркПА эл аралык уюмдары өнөктөш болууда.

АКИАКтын Душанбе жыйынына В.Путин, Си Цзинпин, Режеп Тайип Эрдоган, Хасан Роухани сыяктуу дүйнөлүк лидерлер катышты. Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков да ал жыйындын катышуучусу болду.

Душанбе саммитинде 49 пункттан турган декларация кабыл алынды. Жогоруда айтылгандай, кабыл алынган декларациядагы позициялар  АКШ, Израиль жана көбүнчө ушул эки мамлекеттин жетегинде калып жүргөн Европа Биримдигинин саясатына кайчылаш келет.

Маселен, АКИАК саммитинде кабыл алынган декларациянын биринчи пункттарында эле эгемендүүлүктү сыйлоо жана ички ишке кийлигишпөө, мыйзамдуу бийликти алмаштыруу максатында ички ишке кийлигишүүгө жол бербөө айтылган.

Ал эми АКШ баштаган батыш өлкөлөрү мыйзамдуу бийликти алмаштыруу максатында  Венесуэла, Украина, Ирак, Сирия, Ливияда эмнелерди жасаган жок?!. Азыркы учурда мына эми Иранга азуусун жанып турушат.

Албетте, бардык эле эл аралык уюмдар сыяктуу АКИАК террорчулук, экстремизм, жикчилдикти айыптаган. Аймактык бүтүндүктү жактаган.

АКИАКка мүчө мамлекеттердин АКШ жана Израиль менен келишпеген позициясы Иерусалим, Палестина, Иран жана ядролук куралды жайылтпоо маселесинде өзгөчө байкалган.

 АКИАК мамлекеттери  борбору Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестин мамлекети болушун жактайт. Ал эми АКШ Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, учурда палестиндердин эгемен мамлекетке ээ болуу укугун да жокко чыгаруу багытында баратат. Вашингтондун чечимдери Израилдин кызыкчылыгында экени белгилүү.

АКИАК мүчөсү болгон Израиль декларациянын мына ушул мазмундагы  үч пункттун колдоодон баш тартты. 

АКИАК мүчөлөрү Ирандын ядролук программасына байланыштуу жалпы келишимди колдоого алып, аны бардык тарап аткарууга тийиш деп эсептейт. Барак Обама тушунда АКШ да ал келишимге кол койгон. Бирок Трамп андан баш тартып, учурда Иранга кысым жана басымды күчөтүүдө.

АКИАК мүчөлөрү Жакынкы Чыгышты ядролук куралдан бош аймак деп жарыялоону жакташат. Буга Израиль каршы. Учурда Жакынкы Чыгыш мамлекеттиринин ичинен жалгыз Израилде ядролук курал бар. Стогольм тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматы боюнча Израилдин ядролук дүрмөтүнүн саны 80-90 жетет. Израилде ошондой эле ал ядролук дүрмөт менен дүйнөнүн кайсыл жерине болбосун сокку ура турган континент аралык ракеталары бар...

АКИАК мүчөлөрү ачык экономиканы жакташкан. АКШ болсо ички базарын коргоо максатында башка өлкөлөргө соода согушун жүргүзүп жатканы маалым.

Жалпысынан алганда Душанбе декларациясы Батыш менен Чыгыш ортосундагы, өзгөчө бир тараптан Түркия, Россия, Кытай, экинчи тараптан АКШ, Израиль, Европа Биримдиги ортосундагы карама-каршылыкты ачык көрсөткөн. Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, эл аралык маселелерди чечүү жана башка маселелер боюнча эки ача кетишүүдө...

 

 

 

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды