22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

АКШ-Иран согушу кимге пайдалуу?

  • 09-Июль 2019
  • 175

АКШ-Иран тиреши боюнча эл аралык эксперт Айданбек Акматов Фарсньюстун суроолоруна жооп берди. Маектин парс тилиндеги варианты Фарсньюста жарыяланган. Кыргызча...

 - Айданбек мырза, акыркы күндөрү Америка менен Ирандын мамилеси күндөн-күнгө курчууда. Айрыкча Перс булуңунда Иран тарабынан америкалык учкучсуз учактын атып түшүрүлүшү кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди. Эгер тараптар бири-бирине түшүнүү менен мамиле жасабаса, жагдай кандай нукка бурулуп кетиши мүмкүн?

 -Ооба, туура айтасыз. Акыркы кезде Жакынкы Чыгышта, өзгөчө Иран-АКШ мамилеси өтө курчуп кетти. Кайсы бир тараптан кандайдыр бир калпыстык кетирилсе чоң алаамат чыгып кетиши ыктымал. Бул алаамат ошол региондогу көптөгөн мусулман мамлекеттерин чоң катастрофага кириптер кылат. Капыс согуш башталып кетсе, Кудай анын бетин ары кылсын, регион мамлекеттеринин калкы жабыркайт, инфраструктурасы талкаланат, экономикасы бүлгүнгө учурайт.

- Америка жана Израилдин түпкү максаты ошол болуп жүрбөсүн?

- Региондогу мусулман мамлекеттерин бүлүндүрүп, алардын байлыгын талап-тоноо, өздөрүн баш көтөргүс кылып кармоо?! Алардын максаты ошол. АКШ, Израилге Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттарынын ат кошчу болуп жатышы, жумшак айтканда түшүнүксүз. АКШ, Израиль жана Сауд Аравиясынын агрессивдүү жана чагымчыл жүрүм-туруму аябай чоң тынчсызданууну жарататат...

- Ушул жуманын шейшемби күнү АКШ Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге жана анын шакирттерине санкция киргизгендигин жарыялады. Бул кысымдын натыйжасы кандай аяктайт деп ойлойсуз?

 - Иран 1979-жылдан бери санкция абалында жашап келатат. Ошондуктан аятолла Хаменеиге жарыяланган санкция мына ошол АКШнын санкциялык согушунун уландысы. Ал Хаменеиге эч кандай зыян алып келбейт. Бирок эки тараптуу мамилени андан ары окчундатууга салымын кошот. Адатта, сүйлөшүү, дипломатияга аз болсо да мүмкүнчүлүк калтыруу үчүн биринчи адамдарга же президенттерге санкция жарыяланбайт. Ошондуктан бул санкция көпүрөлөрдү ого бетер талкалоо десек болот.

 - Иран жана дүйнөнүн беш мамлекети узак убакыт жана татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин ядролук келишимге кол коюшкан эле. Бирок Дональд Трамп президент болгондон кийин өз өлкөсүн бул келишимден бөлүп кетти. Ошол эле учурда калган Европа өлкөлөрү келишимде кала беришти жана азыркыга чейин ал документ күчүндө. Бул жерде АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн Иран маселесинде пикири эки ача жолго түштү деп айтса болобу?

 - Ооба, ошондой болду деп айтканга болот. Бирок иш жүзүндө Европа Биримдиги келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарууга чамасы чарк болуп жатат. Биримдик Иран менен соода-экономикалык байланышты жүргүзүү үчүн АКШдан көз карандысыз жаңы төлөм системасын киргизерин жарыялаган. Бирок анысы кашаңдап, аткарылбай жатат. Бул жерден биз Европа Биримдиги ядролук келишимди сактоону көздөйт, бирок анын талаптарын Кошмо Штаттарсыз аткарууга чамасы чакталуу деп айта алабыз. Кошмо Штаттардын жана Израилдин Иранга карата саясаты түшүнүктүү. Бул эки өлкө Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрү жок болушун каалайт. Алар коопсуздук багытында монополиясын сактоону көздөшөт. Ошондуктан алар Ирандын ракеталык технологияларды өнүктүрүүдөгү ийгиликтеринен коркуп, согуш ачууну көздөп жатышат. Израиль ядролук куралы, аны жер шарынын каерине болбосун жеткирүүчү континент аралык ракеталары бар агрессивдүү өлкө. Бул Израилдин региондо каалаганын жасоого мүмкүнчүлүк берип келатат. Ошондуктан Израиль каалаганын жасайт. Палестинаны ачык асман астында түрмөдө кармайт, каалаган учурда бомбалайт, жарандарын кыргынга салат. Сирия, Ливанга каалаган учурда каалагандай сокку урат, талкалайт...

Израиль ушул монополияны сактап, башкалардын ракеталык куралга ээ болушуна жол бербөөгө жанталашууда. Иранга өзүнүн күчү жетпесин билип, АКШны тукурууда.

- Жакында Бишкекте кезектеги жыйыны өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна Иран байкоочу-өлкө болуп саналат. “Кичинекей сегиздик” деген аталышка ээ болгон бул уюмга байкоочулук макам алуу Иранга эмне бермекчи?

 - Шанхай кызматташуу уюму аскердик блок эмес. Ошондуктан ага мүчө болуу же байкоочулук статус аскерий жактан колдоо бербейт. Бирок Россия жана Кытай менен жакшы мамиледе болуу Бириккен Улуттар Уюмунда колдоо алып келет. Анткени Москва жана Пекин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. Алардын Коопсуздук кеңештин чечимдерине вето коюу укугу бар. Иран мына ушул жагынан колдоо таба алат десек болот.

 - Иран мурда деле, 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинен кийин 40 жылга жакын АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн санкциясында жашап, бирок алсырап калган жок. Ал эми азыркы үстөккө-босток киргизилип жаткан санкциялар бул өлкөнүн экономикасына кандай таасир тийгизмекчи?

 - Санкция Иранга терс таасирин тийгизип жатат. Муну Иран бийликтери да айтып жатат. Бирок санкцияларды пайда жагына колдонуу Иран сыяктуу ири мамлекеттердин колунан келет деген ойдомун. Маселен, Россия Европа Биримдиги жана АКШнын санкциялык согушунан пайда табуу жагына басым жасап, ийгиликтерге жетишти. Ал азык-түлүк жагынан көз карандысыздыкка жетишти, айыл-чарбасын абдан өнүктүрүп алды. Учурда өзү эт азыктары, буудай, май-сүттү экспортко чыгарууда. Жыл сайын буудайдан 130-140 млн. тонна түшүм алуу менен  дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты. Россия технология жагынан да мына ошондой ийгиликтерге жетишүүдө. Иран мамлекети да санкцияларга карабай көп ийгиликтерге жетишип келатат. Ирандын илим-технология, билим берүү, медицина, ракета, абадан коргонуу системаларын куруу жагынан жетишип жаткан ийгиликтери бар.

- АКШ ачык эле улам экономикалык жана саясый жактан Жакынкы Чыгыштагы алдыңкы орунга чыгып жаткан Иранга эч качан өз пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейбиз деп келүүдө. Бул ачык эле ислам өлкөсүнүн өнүгүүсүнө бут тосуу эмеспи?

- Албетте, бут тосуу. Согуш агрессиясы болсо мына ошол жетишкендиктерди талкалоо. Бирок АКШ ал максаттарына жетпейт деп ойлоймун. Иран калкынын алдыга умтулуусун Вашингтон токтото албайт.

 - Ошол эле учурда Иран Россия, Түркия, Кытай, Индия сыяктуу Евразия материктериндеги улуу державалар менен мамилесин жакшыртууда. Бул мамлекеттердин биригүүсү жана ич ара доллар эмес, улуттук валюталар менен соода-сатык жасоого өтүп жатышы океандын ары жагындагы Американы саясый оюндан сүрүп салбайбы?

 - АКШны саясий оюндан сүрүп салуу кыйын. Болгону анын таасирин, дүйнөлүк соодада үстөмдүк кылып жаткан анын валюатсы–доллардын таасирин азайтууга алып келет десек реалдуураак болот. Сиз санаган мамлекеттер өз ара соодада улуттук валюталарын колдонууну канчалык ылдам чечсе, алар ошончолук ылдам доллардын, АКШнын үстөмдүгүнөн кутулат эле...

Маектешкен Эмилбек Момунов.

http://www.ca-irnews.com/kg/interview-kg/70193-%D0%B0-%D0%B0%D0%BA%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%B2-%C2%AB%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD-%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D0%B5%D0%BD-%D0%B0%D0%BA%D1%88-%D1%81%D0%BE%D0%B3%D1%83%D1%88%D1%83%D0%BF-%D0%BA%D0%B5%D1%82%D1%81%D0%B5,-%D0%B1%D2%AF%D1%82%D2%AF%D0%BD%D0%B4%D3%A9%D0%B9-%D0%B6%D0%B0%D0%BA%D1%8B%D0%BD%D0%BA%D1%8B-%D1%87%D1%8B%D0%B3%D1%8B%D1%88%D1%82%D0%B0-%D0%BA%D0%B0%D1%82%D0%B0%D1%81%D1%82%D1%80%D0%BE%D1%84%D0%B0-%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D1%82-%D0%B0%D0%BC%D0%B5%D1%80%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D1%8B%D0%BD-%D0%BC%D0%B0%D0%BA%D1%81%D0%B0%D1%82%D1%8B-%D0%BE%D1%88%D0%BE%D0%BB%C2%BB?fbclid=IwAR0xNF6Iu1xXWQHxEYeb40gG2NhBkH0A5rX1Y1i_MgKAfpVBKWEC4NoR1_o

 

Бул парс тилиндеги вариантынын адреси:

https://www.farsnews.com/news/13980415000695/%D8%B8%D8%B1%D9%81%DB%8C%D8%AA%E2%80%8C%D9%87%D8%A7%DB%8C-%D8%A7%D9%88%D8%B1%D8%A7%D8%B3%DB%8C%D8%A7-%D8%AF%D8%B1-%D8%A8%D8%B1%D8%A7%D8%A8%D8%B1-%D8%A2%D9%85%D8%B1%DB%8C%DA%A9%D8%A7-%D9%BE%D8%A7%D8%B4%D9%86%D9%87-%D8%A2%D8%B4%DB%8C%D9%84-%D9%88%D8%A7%D8%B4%D9%86%DA%AF%D8%AA%D9%86-%DA%A9%D8%AC%D8%A7%D8%B3%D8%AA?fbclid=IwAR1q46LlNbtutXLjU8nnsxiLpNm7sSa7LV_4_t-yEGF2HVpI2gh3r41qWbc

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды