18-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

АКШ каршы, бирок С-400 Түркияда

  • 12-Июль 2019
  • 118

12-июлда Түркияга Россиянын абадан коргонуучу С-400 системалары келип түшө баштады.

12-июлда Түркияга Россиянын абадан коргонуучу С-400 системалары келип түшө баштады. Бул система менен Түркия өзүнүн коопсуздугун чыңдап, абадан коргонуу жагынан бир топ кепилдик алат.

НАТОнун мүчөсү болуп туруп, НАТОнун душманы эсептелген Россиядан С-400 системасын сатып алууга Түркияны бир нече жагдай мажбур кылды. Анын биринчиси, НАТОнун анабашы АКШнын “Пэтриот” абадан коргонуу системасын Түркияга сатпай коюшу болуп калды. Кечээ жакында президент Трамп “Барак Обаманын тушунда “Пэтриотту” Түркияга сатпай коюп, адилетсиздик кылынган” деп моюнга алды.

Түркия Кошмо Штаттар “Пэтриотту” сатпай койгондон кийин Кытайдын абадан коргонуу системасын алууга аракет жасаган. Бирок соңунда Россиянын С-400 системасын сатып алууга токтолгон. Буга Эрдоган менен Путиндин жеке жакын мамилеси, Россиянын 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракети учурунда түрк бийлигин бекем колдоосу  жана башка жагдайлар себеп болду (Россия менен Түркия С-400 боюнча 2017-жылы келишимге кол коюп, быйыл аны турмушка ашырууда).

Түркиянын абдан бир жеңил эмес  кошуналары бар. Алардын аскердик-техникалык потенциалдары Түркия менен тең келет. Айрым учурларда артыкчылык кылат. Израиль, Иран, Сауд Аравиясы, Египет мамлекеттер Түркиянын кошунасы экенин эске алсак, бул маселе түшүнүктүү болуп калат. Бул мамлекеттер ичинен Израилдин потенциалы өзгөчө күчтүү. Израилде ядролук куралы жана аны менен дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун сокку ура турган континент аралык ракеталары бар. Кошмо Штаттар жакында эле эң заманбап Ф-35 учактарын Израилге берди. Израиль менен Түркиянын мамилеси жакшы эмес. Тараптар Палестина, Иерусалим маселелеринде чарпышып турушат...

АКШ Түркияга болсо мына ошол Ф-35 учагын бербей турган болууда. Муну менен Кошмо Штаттар  Россиядан С-400 алганы үчүн Түркияны жазалагысы келип жатат. Буга чейин эле Вашингтон Түркиянын валюта, финансы тармагына каршы кадамдарды жасап, андан түрк лирасы олку-солку болгону маалым.

Бирок да мына ушундай финансы-экономикалык, аскерий-техникалык кысымдарга карабай Түркия  Россиядан С-400 алуу чечти жана ал максаты турмушка ашырылууда.

Туркиянын бул кадамы эмнеге алып келет? АКШ менен мамилеси биротоло бузулуп кетпейби? Түркияны НАТОдон айдап чыгышабы деген суроолор жок эмес.

НАТОдон чыгаруу маселеси азырынча бүдөмүк. Бирок эгерде Кошмо Штаттар Түркияны жазалоо максатында санкцияларды киргизсе, Ф-35 учагын такыр бербей кое турган болсо, анда Түркиянын Россия, Кытайга бурулуусу андан бетер күч алат. Мындай жагдайда Түркия Ф-35 ордуна Россиянын Су-57 аскерий учагын сатып алууга барышы мүмкүн. Андан сырткары Түркия өзү да 5чи муундагы аскерий учак жасоого киришип, анын макетин жакында эле Ле-Буржедеги авиакөргөзмөгө алып чыккан.

80 миллиондон ашык калкы бар, экономикасы бир топ күчтүү Түркияны жүгөндөп алуу Кошмо Штаттарга мүмкүн эместиги ачык көрүнүүдө...

 

А. Кудайбердиев

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды