19-Ноябрь 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Парламентти монополдоштуруу

  • 26-Июнь 2019
  • 155

Президенттиги кезинде Атамбаев бүтүндөй бийликти монополдоштуруп алган.

Ал кезде парламентке түрдүү партиялар келген менен алардын көпчүлүгү президент жана анын аппаратынын көзү менен айланып, кантип болбосун башкаруучу коалицияга кирүүнү эңсешчү. Кемсинтип тепкилесе да “бай жакшы” дешип, “токол” катары коалицияга мүчө болууну артык көрүшчү.

Атамбаев жана жан-жөкөрлөрү буга да канааттанбай Жогорку Кеңешти биротоло монополдоштуруп, ал жерге көп болсо 3 партиянын келишине жетишүүнү көздөп, бул үчүн шайлоо босогосун 7%дан 9% көтөрүүнү максат кылып коюшкан.

Атамбаев аны турмушка ашырууга жетише албады. Бирок Сооронбай Жээнбеков ал линияны бекем карманып, турмушка ашыруу багытында баратат. Жакында эле президент Жээнбековду колдогон депутаттар тобу даярдаган шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү экинчи окууда кабыл алынды. Анда дал ошол 9%дык босого кабыл алынды. Башкача айтканда, Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялар шайлоого катышкан жарандардын кеминде 9%нын добуш алыш керек. Мына ошондо гана алар парламентке келе алат.

Бул Кыргызстанда Жогорку Кеңешти монополдоштурууга алып келет. Анткени 9% алуу оңой эмес. Байкап көрүңүз, 2015-жылы Кыргызстанда 2 млн. 761 миң шайлоочу катталган. Анын ичинен 1 млн. 589 шайлоочу добуш берүүгө келген. Эгерде, 2015-жылы 9% босого болгондо “Ата Мекен”, “Бир бол” партиялары өтпөйт эле.

Босогону жасалма түрдө көтөрүү, мына ошону менен парламентти монополдоштуруу республикада саясаттын парламенттен көчөгө чыгуусуна алып келет. Парламентке келбей калган партиялар, саясатчылар өз максаттарына жетүү үчүн көчөдө акцияларды уюштурууга аргасыз болот. Бул өлкөдө туруктуулукка салым кошпойт.

Тескерисинче, азыркы кезде дүйнөдө парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү коомдогу түрдүү палитрадагы күчтөрдүн парламентке келишине шарт түзүү тенденциясы бар. Маселен, Израилде босого болгону 3%, кечээ жакында Грузияда босого деген алынып салынды.

ПАСЕ парламентке өтүү үчүн босого 3% болсун деп сунуштайт.

Негизи Кыргызстанда шайлоо мыйзамын эмес, бийлик системасын өзгөртүү максатка ылайыктуу. Анткени бизде шайлоо эле эмес, аралашма болгон бийлик системасы аксоодо. Биздегидей эле кырдаал Украина жана Молдовада түзүлүп, бийлик натыйжалуулугу төмөндөп, саясий кризистер токтобой келатат.

Кыргызстан таза парламенттик же таза президенттик бийлик системасына өтүүсү зарыл. Бул бийлик системанын кайсы бирине өтүүнү калк референдумда аныктап, ошого жараша конституция кабыл алыныш керек. Мына ошондо өзгөрүү, динамика, алар менен бирге жоопкерчилик жана натыйжалуулук пайда болот.

Айданбек Акматов

           

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды