22-Август 2019

  • USD 69.74
  • EURO 79.24
  • RUB 1.05
Creanova

Кыргызга тийбеген Кумтөр алтыны

  • 25-Июнь 2019
  • 822

Кумтөрдө алтын түгөнүп баратат, бирок Аскар Акаев баштап кеткен афера гүлдөгөн бойдон турат...

Кумтөрдөн көз карандылыктан чыгуу жөнүндө 24-июнда президент катышкан жыйында сөз болду. Чындыгында Кыргызстан Кумтөрдөн ички дүң продукция жана өнөр жай өндүрүшүн көрсөткөн кургак сандар жагынан гана көз каранды. Экономикага реалдуу салымы болсо чектелүү. Муну биз сандар менен далилдейбиз.

Кумтөр алтын кенинде жыл сайын 17-18 тонна алтын казып алынат. Бул 700-800 доллар турат. “Центерра” ушунча алтынды казып алуу үчүн 2019-жылы 191 млн. доллар сарптайбыз дейт. Бирок алардын чынында канча акча сарптаганын Кыргызстан так билбейт. Анткени “Центерранын” бухгалтериясын карай албайт, текшере албайт.

12 кишиден турган Директорлор кеңешинде Кыргызстандын болгону 3 өкүлү бар. Кенди казып жаткан же оперативдик башкаруучу “Кумтөр голд компанинин” жетекчилиги бүтүндөй канадалыктар...

Кыргызстанда айрым патриоттор мына ушул абалды өзгөртүүгө көп аракет жасады. Бирок эч кандай натыйжа чыкпады. Тескерисинче алар куугунтукталды, камалды. Садыр Жапаровдун азыркы аянычтуу тагдыры анын күбөсү...

Мына ушундай абалдын түзүлүшүнө биринчи кезекте мурунку президент Аскар Акаев күнөөлүү. Ал бул ишти 2003-жылы өз колу менен жасаган. Ал кезде Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү 67% болуп, мына ошол жылы кенди башкаруу кыргыз өкмөтүнүн колуна өтүш керек эле.

Буга жол бербештин айласын коррупциялашкан Акаев жана канадалык аферисттер таап, “Центерра голд инк” деген компания түзүшкөн. Анын курамына Кумтөрдөн сырткары АКШ, Түркия, Монголиядагы алтын кендер кирет, мына ошолордун баарын кошкондо Кыргызстандын үлүшү 33% болот деп элди, мамлекетти көз көрүнөө алдашкан.

Кийинчерээк АКШда дагы, Түркияда дагы, Монголияда дагы “Центерра” ээлик кылган эч кандай кен жок экени айкын болду. Бирок кылым аферасы жасалып калган эле. Акаев 33%дын 17% да дароо сатып жиберген. Бул чыныгы чыккынчылык, көз боемочулук болгон...

Мына ошондон кийин Кумтөр кыргыз өкмөтүнүн колунан да, көзөмөлүнөн да толук чыккан.

Бакиев учурунда “Центеррада” Кыргызстан үлүшү көбөйтүлгөн. Бирок андан эч кандай сапаттуу өзгөрүү болгон эмес. Директорлор кеңешинде кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү үчөө бойдон калган, оперативдик башкаруу да канадалыктар колунда кала берген.

Атамбаев жети жыл бою анткорлонуп жүрүп, Кумтөр боюнча эч нерсе жасабады. “Өлгөн үстүнө көмгөн” кылып 4 млрд. долларга жакын алтыны бар Жерүйдү 100млн. долларга сатып жиберди...

Кумтөрдүн көрсөткүчтөрүнө келсек, 2018-жылы Кумтөр Кыргызстан өнөр жайынын 18.14% берген, жалпы ИДПнын 8.6% берген. Бул өтө чоң көрсөткүч. Ошондуктан Кумтөр өндүрүштү бир аз кыскартса эле ИДПга, өнөр жайдын көрсөткүчтөрүнө олуттуу таасир эте баштайт. Өкмөт жана президенттин корккону ушундан. Алар ИДП, өнөр жай төмөндөп кетти дегенден коркушат. Анткени анын саясий таасири болот.

Ал эми Кумтөрдүн бюджетке кошкон салымы андай бараандуу эмес. Ал жыл сайын болгону 80-85 млн. доллар же 6 млрд сомго жакын салык төлөйт. Бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25/1 бөлүгүн гана түзөт.

Карап көрүңүз, каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик 150 млрд. сом деп белгилеген. Кумтөрдүн бюджетке төлөгөнү 6 млрд. сом. Демек, Кумтөр бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25тен 1 бөлүгүн гана берет...

Ал эми биздин мигранттар которгон акчанын суммасы 3 млрд. долларга жакындап баратат. Улуттук банктын эсеби боюнча, 2018-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 млрд. 685 млн. доллар же 188 млрд. сом которушкан. Банктык которуу эмес, башка жолдор менен алып келген акча канча экени белгисиз. Бирок ал дагы бир топ сумма болот.

Мына ушул мигранттар бир жылдык бюджеттен көп акча которуп, ички базардын кыймылдап турушуна, салыктардын төлөнүшүнө, улуттук валюта сомдун туруктуу болушуна эбегейсиз салым кошууда.

Кумтөрдө болсо алтын түгөнүп баратат, бирок Акаев аферасы гүлдөгөн бойдон турат...

Айданбек Акматов, аналитик

Булак:

Facebook Пикир

УКМК: Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды